2025-жылдын 29-январь күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине карата чыгарылуучу 100 китепти (монографияларды, окуу куралдарын) тандоо жана басмага сунуштоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө ректор комиссия мүчөлөрүнө басмага сунуштала турган китептердин кол жазмаларына коюлуучу талаптарды, критерийлерди так иштеп чыгып, дыкат карап, кол жазмаларды кабыл алуунун соңку мөөнөтүн жана оптималдуу тиражын аныктоо боюнча тапшырмаларды берди. – Эң негизгиси – эмгек өргүүсү башталгыча тандалган китептерди типографияга бериш керек. Китептер “эл көргүдөй, жүзүбүз жарык боло тургандай” болсун, – деди Догдурбек Чонтоев.
18 адамдан турган тандоо комиссиясынын төрагасы, физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы Эсенбек Мамбетакунов комиссиянын иштөө тартиби боюнча сунуштарын айткан соң, ректор катышуучулардын айрым суроолоруна жооп берди.
Жолугушууга о.э. биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев жана мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев катышты.








