“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жаңы мыйзамына ылайык мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында чыккан ректордун 2025-жылдын 22-январындагы №40 буйругуна ылайык 2025-жылдын 3-февралында мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор комиссиянын жетекчиси Н.Ишекеев факультеттер аралык расмий тил жана чет тилдер кафедраларынын жамааты менен жолугушуу өткөрдү.
Алгач кафедра башчылар ички иш кагаздары, жумушчу программалар, ОМК, протоколдор, илимий иштери, окуу жүгү боюнча маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кафедралардагы окуу дисциплиналарынын саны, сапаты жана аны окутуунун методикасы менен технологиялары жөнүндө кеңири пикир алышуу болду. Ошондой эле жолугушууда Улуттук университеттин 100 жылдыгына байланыштуу окуу китептерин, окуу-методикалык колдонмолорду жана монографиялар жазуу маселелери талкууланды. Буга байланыштуу кафедра мүчөлөрүнүн активдүү катышуусуна карата чакырыктар айтылды. Эне тил күнүнө карата даярдыктар боюнча тийиштүү буйрукту жетекчиликке алып, кафедра мүчөлөрү сабак берген түзүмдүк курамдын жетекчилиги менен чогуу иштөө маселеси көтөрүлдү. Кафедрадагы кредит, окуу жүгү, кезметтердин коюлушу, жалпы эле тилдерге бөлүнгөн сааттар боюнча сөз болду.
Жолугушуу эки тарапка тең иштиктүү жана пайдалуу өтүү. Кафедра башчылары маалымат беришти. Кафедралардын профессордук-окутуучу курамынын илимий-изилдөө багытында мамлекеттик тилдеги эмгектери, окуу – методикалык куралдары боюнча талкуу болду. Кафедра (окутуу программалары) мүчөлөрү менен жолугушуулар 2025-жылдын февраль, март айларында тиркелген тизмеге ылайык уланат.
(С) Д.Мырзагулова – мамлекеттик тил секторунун башчысы
Факультеттер аралык расмий тил кафедрасы менен жолугушуу
Факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы менен жолугушуу