2025-жылдын 29-январь күнү эрте менен саат 8:25те УТРКнын “Замана” таӊкы берүүсүндө Улуттук университеттин 100 жылдыгына арналган сюжет көрсөтүлдү.
Журналист Атахан Кожогулов даярдаган видеоматериалда окуу жайдын ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Улуттук университеттин 100 жылдыгы 2025-жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүчү юбилейлик иш чаралардын катарына киргенин, о.э. окуу жайда мааракени белгилөө боюнча атайын план түзүлүп, учурда даярдыктар кызуу жүрүп жатканын белгиледи.