2025-жылдын 28-январында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Гандилов мырза менен жолугушту.
Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү максатында өткөрүлгөн жолугушуунун максаты – Азербайжан менен Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданият тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо.
– Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өркүндөтүү убактысы келди, – деп баштады сөзүн Латиф Гандилов мырза. – Биз эки өлкөнүн саясий лидерлеринен артта калбай, башкача ойлонуп, башкача иштешибиз керек. Азербайжан менен Кыргызстандын алдыңкы окуу жайларынын ректорлорунун өз ара иш сапарларын уюштуруу сунушун киргизем. Анткени, сиздерде да, бизде да экономикалык реформалар жүрүп жатат. Окумуштуулар аларды илимий жактан изилдеп, талдап, пайдалуу жыйынтыктарды чыгарыш керек. – Биздин жолугушуубуз Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү, илим жана маданият тармагындагы өнөктөштүктү кеңейтүүдө маанилүү кадам болот деп ишенем, – деп сөзүн жыйынтыктады Элчи мырза.
Догдурбек Чонтоев Латиф Гандилов мырзага Улуттук университетке келгендиги үчүн ыраазычылык айтып, окуу жай тууралуу кыскача маалымат берди жана айтылган сунушту колдоорун билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын, анын ичинде Кыргыз улуттук университети менен Баку мамлекеттик университети (мурдагы Азербайжан мамлекеттик университети) жана Азербайжан мамлекеттик экономикалык университетинин ортосундагы кызматташтык мамилелерди өркүндөтүүгө жана иш сапарды уюштурууга байланышкан дагы башка маселелерди талкуулашты.
Жолугушууга о.э. Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Шахин Искандеров, КУУнун биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков жана экономиканын жогорку мектебинин директору Нуриза Мусаева катышты.












