2025-жылдын 27-январь күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу чет өлкөдөгү түрктөр жана боордош элдер башкармалыгынын “Түркия стипендиялары” программасынын координаторлорун кабыл алды.

Программанын өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы кызматташтык келишимдин негизинде кыргызстандык абитуриенттерге Түркиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүгү берилип, “Түркия стипендиялары” программасы бакалавриат, магистратура, докторантурада жана пост-докторантурада (илим-изилдөө) окуган студенттерге бюджеттик негизде грант-стипендия түрүндө колдоо көрсөтөөрүн белгилешти. Алардын айтымында, бакалавриатта окуган студенттерге айына 140$, магистратурада – 200$, докторантурада – 300$ жана пост-докторантурада – 800$ өлчөмүндө стипендия төлөнөт. Белгилеп кетчү нерсе, стипендия студенттер өздөрү тандаган Түркиядагы университет аркылуу берилет.

Ректор түркиялык программа менен иштешкенге даяр экенин белгилеп, делегация мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Жолугушуудан кийин Түркиядан келген делегация мүчөлөрү башкы имараттагы кичи жыйындар залында КУУнун студенттерине “Түркия стипендиялары” программасы тууралуу лекция өтүштү.

Добавить комментарий