2024-жылдын 27-январында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын күн тартибинин негизги бөлүгүндө 2, ар түрдүү бөлүгүндө 1 маселе каралды.
Отурумдун башында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев катышуучуларга Улуттук университеттин делегациясынын 23-26-январь күндөрү Москвага болгон иш сапары тууралуу маалымат берип, Россиянын элдердин достугу университетиндеги, Евразия экономикалык комиссиясындагы, Москва мамлекеттик лингвистика университетиндеги, Экономиканын жогорку мектебиндеги жолугушуулар жөнүндө, о.э. М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин 270 жылдыгына байланышкан салтанаттуу иш-чаралар жана алардын алкагында ММУнун ректору Виктор Садовничий, Кытай Эл Республикасынын билим берүү министринин орун басары У Янь мырза менен болгон жолугушуулар жана кол коюлган документтер тууралуу айтып берди.
Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев баяндама жасап, Улуттук университеттеги илимий-изилдөө иштеринин 2024-жылдагы жыйынтыгы жана приоритеттүү перспективалары тууралуу билдирүү жасады.
“Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун 2023-2024-окуу жылында КУУнун профессордук-окутуучулук курамынын жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча аткарган иштери жана 2024-2025-окуу жылына карата иш планы” деп аталган күн тартибиндеги 2-маселе боюнча аталган институттун директору Аслан Кулбаев баяндама жасады.
Отурумдун “Ар түрдүү маселелер” деген бөлүгүндө тарых жана чөлкөм таануу институтунун 570001 “Искусство таануу” адистигин окуу программасына өзгөртүү жөнүндө маселе каралып, ал боюнча институттун директору Туратбек Сырдыбаев билдирүү жасады.
Аталган жана КУУнун окуу, чарба ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, алымча-кошумчалар менен аталган маселелер Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумуна сунушталды.