2025-жылдын 23-январь күнү 10 жана 11-окуу имараттарында жайгашкан юридикалык институт менен юридикалык колледждин профессордук-окутуучулар курамына коррупциянын алдын алуу боюнча лекциялар окулду.
Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев лекторду тааныштырган соң, юридикалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Кайрат Осмоналиев катышуучуларга “Противодействие коррупции в Кыргызской Республике: Изменения и дополнения в законодательстве” деген темада баяндама жасап, “Коррупция” деген терминдин этимологиясы, анын коомдук коркунучу, коррупциянын моделдери, коррупциялык зоналар жана коркунучтар, о.э. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу айтып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
Сабактар аяктагандан кийин Назаркул Ишекеев катышуучуларды бир кылымдык мааракеси белгиленип аткан Улуттук университетти уят кылбай, таза жана так иштеп берүүгө чакырды.