2025-жылдын 24-январь күнү №4-окуу имаратында жайгашкан кыргыз-кытай институту, Жибек-Жолу институту жана №8-окуу имаратында жайгашкан экономиканын жогорку мектеби, менеджмент жана бизнес институту, чет тилдер институту, кыргыз-япон институту жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин профессордук-окутуучулар курамына коррупциянын алдын алуу боюнча лекциялар окулду.

Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев лекторду тааныштырган соң, юридикалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Кайрат Осмоналиев катышуучуларга “Противодействие коррупции в Кыргызской Республике: Изменения и дополнения в законодательстве” деген темада баяндама жасап, “Коррупция” деген терминдин этимологиясы, анын коомдук коркунучу, коррупциянын моделдери, коррупциялык зоналар жана коркунучтар, о.э. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу айтып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Сабактар аяктаган соң Назаркул Ишекеев катышуучуларды бир кылымдык мааракеси белгиленип аткан Улуттук университетти уят кылбай, таза жана так иштеп берүүгө чакырды.

№4-окуу имараты

№8-окуу имараты

Добавить комментарий