2025-жылдын 22-январында 6А жана 6-окуу имараттарында жайгашкан факультеттер менен институттардын профессордук-окутуучулар курамына коррупциянын алдын алуу боюнча лекциялар окулду. Сабактарды 6А-окуу имаратында мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, ал эми 6-окуу имаратында юридикалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Кайрат Осмоналиев өтүштү.
Назаркул Ишекеев коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттик саясат тууралуу кыскача маалымат берип, бул багытта университетте аткарылып жаткан иштер, кабыл алынган документтер тууралуу билдирүү жасады жана катышуучуларды бир кылымдык мааракеси белгиленип аткан Улуттук университетти жаманатты кылбай, жакшы, таза жана так иштеп берүүгө чакырды.
Кайрат Осмоналиев “Противодействие коррупции в Кыргызской Республике: Изменения и дополнения в законодательстве” деген темада баяндама жасап, “Коррупция” деген терминдин этимологиясы, анын коомдук коркунучу, коррупциянын моделдери, коррупциялык зоналар жана коркунучтар, о.э. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу айтып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
6А-окуу имараты
6-окуу имараты