2025-жылдын 22-январында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев башкы имараттагы чоң жыйындар залында 3-4-курстардын студенттик активи (старосталары) менен билим берүүдөгү коррупциянын алдын алуу боюнча жолугушуу өткөрдү.

Ректор студенттерге коррупцияны жоюу боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берип, бул багыттагы иш чаралар системалуу түрдө туруктуу жүргүзүлүш керектигин баса белгиледи. – Биз “Улуттук университеттин антикоррупциялык саясатын” иштеп чыктык, – деп улантты сөзүн Догдурбек Чонтоев.

Анын алкагында окутуучулар менен студенттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө турган атайын комиссиялар түзүлдү. Мындан сырткары, “КУУнун студенттеринин академиялык кодексине” өзгөртүүлөр киргизилип, бардык түзүмдөрдө коррупциянын алдын алуу жана менен күрөшүү боюнча иш чаралар иштелип чыкты.

Мага көптөгөн маалыматтар келип түшүүдө. Ошондуктан, урматтуу старосталар, силерге айтаарым: “Окутуучуларды “подставлять” этип, бирдеме бергениӊерди токтоткула! Биз силерди эскерттик. Коррупция менен күрөшүү боюнча кабыл алынган өзгөртүүлөр кечээтен баштап күчүнө кирди. Буга чейин кармалган адам штраф эле төлөп, чыгып кетип аткан болсо, эми келтирген зыянын да төлөйт, мөөнөтүн да алат, мамлекеттик кызматта да иштей албай калат. Коррупцияга жол берген окутуучу да, студент да жоопко тартылат. Ошондуктан, урматтуу студенттер, окугула, билим алгыла. Бирок, октябрь айында бир кылымдык мааракеси белгиленип аткан Улуттук университетти жаманатты кылбай, 100 жылдыкты татыктуу, жогорку деӊгээлде өткөрүүгө силер да жардам бергиле. Окуу жайдын коомдогу имиджин жакшы жакка буруп, өнүгүп-өсүү жолуна түшөлү. Артка тартпагыла!

Биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев парламент тарабынан кабыл алынып, президент Садыр Жапаров кол койгон кылмыш-жаза кодексине жана бир катар мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор кечээ күчүнө кирдгенин белгилеп, аталган өзгөртүүлөр менен толуктоолор тууралуу айтып бериш үчүн сөз кезегин юридикалык институттун жазык-процессуалдык жана соттук экспертиза кафедрасынын доценти Низахун Алахуновго берди.

Ал “Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы аракеттенүү: мыйзамдагы акыркы өзгөртүүлөр” деген темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу, о.э. окуу жайлардагы коррупцияга байланышкан статьялар тууралуу айтып берди жана студенттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйындын соңунда 2025-жылдын 16-январында УКМК Академиясынын имаратында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен болгон кеңешмеге катышкан Улуттук университеттин студенти чыгып сүйлөп, жыйын аларга чоң таасир калтырганын жана коррупция менен күрөштү студенттер өзүлөрүнөн баштоосу зарыл экендигин баса белгиледи.

Добавить комментарий