2025-жылдын 21-январында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев университеттин ботаникалык бакчасында жайгашкан «Билим Бишкек» инновациялык борборуна барып, ал жерде өтүлүп жаткан сабактардын жүрүшү менен таанышты.

«Билим Бишкек» инновациялык борборунун мүдүрү Санжар Алтымышевдин айтымында, Бишкек шаарындагы «Элистан» балдар борборунан келген 40 окуучу 10 окуучудан түзүлгөн 4 тайпага бөлүнүп, бүгүнтөн баштап “Эксперименталдык жана практикалык технологиялар” лабораториясында, “Дизайн”, “Астрономия, авиация жана космонавтика”, “Табигый илимдер” жана “Математика” студияларында таанышуу курстарынан өтүшүүдө.

  • “Эксперименталдык жана практикалык технологиялар” лабораториясында окуучулар технология жана робототехника боюнча жаңы нерселерди үйрөнүп, өз колдору менен ар кандай тажрыйбаларды жасашат жана алдыңкы технологияларды өздөштүрүшөт.
  • “Дизайн” студиясы балдардын кол өнөрчүлүк шыктарын өнүктүрүүгө, 3D жана анимациялык моделдөө ыкмаларын үйрөтүүгө багытталган.
  • “Астрономия, авиация жана космонавтика” студиясы ар кандай кызыктуу эксперименттер аркылуу материя, фундаменталдык күчтөр, аэродинамика жана авионикалык системалар менен байланышкан илимий принциптерди өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.
  • “Табигый илимдер” студиясы илим менен жаратылыш кубулуштарын айкалыштыруу, физика, химия жана биология сыяктуу фундаменталдык илимдерди практикалык негизде өздөштүүгө багытталган.
  • “Математика” студиясында окуучулар турмуштук күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүдө математикалык ыкмаларды колдонууну үйрөнүшөт.

Ректор аталган лаборатория, студияларда өтүлүп жаткан сабактардын жүрүшүнө катышып, окуучулар менен маектешти. Балдардын айтымында, «Билим Бишкек» инновациялык борборундагы сабактар мектепке караганда абдан кызыктуу. Догдурбек Чонтоев окуучуларга “дүйнөлүк стандарттарга туура келген борбордо жакшы окуп, жакшы билим алып, технологияларды үйрөнгүлө” деген каалоо-тилегин айтты.

Белгилей кетсек, «Билим Бишкек» инновациялык борбору Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Түркия Технология командасы, Т3 фонду жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин кызматташтыгында курулуп, 2024-жылдын 7-ноябрында Түркия Республикасынын биринчи айымы Эмине Эрдогандын катышуусунда расмий ачылган.

Добавить комментарий