2025-жылдын 14-январында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин “Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү” аталышындагы ички долбоорун ишке ашыруу максатында факультеттин студенттери үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү.

Сабакты т.и.к доцент Сатыбалдиева А.К., с.и.к. доцент Нурматова Г.А., ага окутуучу Акунова А.М. өтүшүп, студенттерге “Кыргыз жараны” концепциясынын негизги багыттары, анын маани-мазмуну, идеясын түшүндүрүп, жаштар арасында концепцияны кандай жолдор менен жайылтуу жана аны ишке ашыруу керектиги талкууланды.

Семинардын жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттеринин арасында “Кыргыз жараны” концепциясынын негизги беш багыты боюнча видеоролик тартуу  сынагы жарыяланды.

(С) Сатыбалдиева А.К. – т.и.к., доцент

Добавить комментарий