2024-жылдын 21-декабрында журналистика жана коммуникация институтунун 4-курс студенттери К.Шарабидинов жана Р.Илиязов Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында өткөн эл аралык иш-чарада “КМШнын мыкты студенти” наамына татыктуу болушту. Аларга о.э. Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүүчү “Кыргызстандын мыкты студенти” наамы да ыйгарылды. Студенттер окуу жана коомдук иш-чаралардагы жетишкендиктери үчүн КУУнун ректорунун ардак грамотасы менен сыйланышты.
Институттун директору, доцент Ширин Костюк К.Шарабидинов менен Р.Илиязовду куттуктап, аларга ийгилик каалады жана келечекте дагы чоң бийиктиктерди багындыруу үчүн ар дайым колдоо көрсөтөөрүн белгиледи. Бул чоң жетишкендик студенттердин билимге жана кесипкөйлүккө болгон тынымсыз эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат.
Журналистика жана коммуникация институтунун профессордук-окутуучулук жамааты сыймыктуу студенттеринин окууларына ийгилик каалоо менен, Кыргызстандын намысын коргоп, келечекте дагы зор ийгиликтерди жаратарына терең ишенет.
(С) П.Джаныбекова – адис, К.Шарабидинов – 4-курс студенти



