2025-жылдын 15-январь күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев уюштуруучулардын катарына Улуттук университет кирген Диссертациялык кеңештердин төрагалары жана өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйында Улуттук университеттин окумуштууларынын кандидаттык жана докторлук диссертацияларын коргоого байланышкан маселелер талкууланып, приоритеттүү багыттагы, б.а. жашоо-турмушка шайкеш келген прикладдык багыттагы, экономиканын реалдуу сектору менен байланышкан илимий иштерге көңүл буруу керектиги баса белгиленди.

Жолугушууга төмөндөгү 13 Диссертациялык кеңештин өкүлдөрү катышты:

  • Д 01.22.647 – физика-математика багытындагы илимдер
  • Д 02.24.692 – химия багытындагы илимдер
  • Д 07.23.671 – тарых багытындагы илимдер
  • Д 07.23.674 – тарых багытындагы илимдер
  • Д 08.23.666 – экономика багытындагы илимдер
  • Д 09.22.657 – философия, маданият таануу багытындагы илимдер
  • Д 10.23.667 – филология багытындагы илимдер
  • Д 12.22.648 – юридика багытындагы илимдер
  • Д 12.23.668 – юридика багытындагы илимдер
  • Д 12.23.669 – юридика багытындагы илимдер
  • Д 12.24.695 – юридика багытындагы илимдер
  • Д 13.23.673 – педагогика жана психология багытындагы илимдер
  • Д 13.23.675 – педагогика багытындагы илимдер

Добавить комментарий