2025-жылдын 14-январь күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев башкы имараттагы чоң жыйындар залында Улуттук университеттин кафедра башчылары менен кеңешме өткөрдү.

Жыйындын башында ректор катышуучуларды ректораттын жана өзүнүн атынан кирип келген Жаӊы жылы менен куттуктап, тартип жана ынтымак өкүм сүргөн Улуттук университетте 2025-жылы өнүгүп-өсүү болуп, окуу жай позитивдүү жакка бурулуп, көп-көп ийгиликтер болушун каалады.

Догдурбек Чонтоев жаӊырган жыл Улуттук университеттин 100 жылдыгы белгиленүүчү жыл экенин эске салып, мааракени жогорку деӊгээлде өткөрүү – жалпы жамааттын, анын ичинде жогорку окуу жайдагы негизги окуу-илимий түзүм болгон кафедра башчыларынын милдети экенин баса белгиледи.

Андан ары ректор катышуучуларды Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитети менен “100 жылдыкка – 100 китеп” долбоорунун алкагында чыгарылуучу китептерди тандоо боюнча комиссиянын курамдары жана мааракеге карата өткөрүлүүчү иш чаралардын планы менен тааныштырып, №4-жатакана, мамлекеттик сыйлыктар, о.э. дүйнөлүк университеттердин ТОП-1000 рейтингине кирүүнүн критерийлери жана ал критерийлер боюнча Улуттук университеттин абалы тууралуу билдирүү жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Жыйындын жүрүшүндө кафедра башчылары талкууланып жаткан маселелер боюнча өз сунуш-пикирлерин да айтышты.

Кеңешмеге биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов жана инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова катышты.

Добавить комментарий