2025-жылдын 15-январында №6-окуу имаратындагы спортзалда КУУнун окутуучулары арасындагы «Ден соолук» спартакиадасынын ачылыш аземи болду.
Мамлекеттик гимн ойнолуп, спартакиадага катышып жаткан командалардын куратору ректорго рапорт берген соң, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев чыгып сүйлөп, мелдештин катышуучулары менен спорт ышкыбоздорун спорт оюндарынын түрлөрү боюнча институттар, факультеттер жана колледждер арасында жыл сайын өткөрүлүүчү Спартакиаданын ачылышы менен куттуктады жана спорт — бул ден соолуктун булагы, ал эми бүгүнкү спорттук мелдештердин негизги максаты — жаштарды дени сак жашоого үндөө, достукту, ынтымакты бекемдөө жана университеттин курама командасына мыкты оюнчуларды тандоо экендигин белгиледи. Андан кийин ректор мелдештин катышуучуларына 2025- жылдын 21-январынан 2-февралына чейин өтүүчү Бишкек шаардык спартакиадасында ийгиликтерге жетип, байгелүү орундарга ээ болушуна тилектеш экендигин билдирип, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Ден соолук” спартакиадасын ачык деп жарыялады жана 2024-жылы өткөрүлгөн «Ден соолук» спартакиадасында байгелүү орундарга ээ болгон КУУнун агай-эжейлерине жана командаларга сыйлыктарды тапшырды.
Аземдин соңунда ректор башталып жаткан футбол боюнча турнирдин алгачкы тобун тээп, дарбазага гол киргизди.
Краткая информация (Токонова Г.Т. — зам. заведующего кафедрой ФКиС)
1. Лучший игрок по настольному теннису: Алдашева Клара — ИЦППК
2. Лучшие игроки по волейболу:
- среди женщин: Кулболдиева Кипариса — ИЦППК, Абдимомунова Апал — ИЦППК, Бердикулова Эльнура — юрид. колледж
- среди мужчин: Айдыралиев Жандос- юрид.колледж, Арынаалиев Мирбек — юрид.колледж, Турсуналиев Санжар — молодеж. департамент.
3. Результаты по настольному теннису:
- Женщины: 1. ИЦППК, 2. Юрид. колледж
- Мужчины: 1. Юрид. колледж, 2. Юридический институт, 3. Институт иностранных языков
4. Волейбол:
- Женщины: 1. ИЦППК, 2. Юридический колледж, 3. ИМиИ
- Мужчины: 1. Юридический колледж, 2. Молодежный департамент
Также было подведение итогов 73-й Спартакиады КНУ им. Ж. Баласагына среди студентов:
- 1 место — ЮИ
- 2 место — ИКТиИИ
- 3 место КЕФ.