2025-жылдын 14-январь күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Хиросима университетинин жогорку илимдер жана инженерия мектебинин доценти Михо Сейке айымды кабыл алды.

Жолугушууда экологиялык коопсуздук, анын ичинде литий аккумляторлорун колдонгон электромобилдердин коопсуздугу тууралуу сөз болуп, аталган багытта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн эки университеттин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Михо Сейке айым аталган изилдөөлөр көп каражатты талап кылаарын белгилеп, ошондуктан бул проект SATREPS (Science and Technology Research Partnership for Sustainable Development – Туруктуу өнүгүү үчүн илим жана технологиялык изилдөө өнөктөштүгү) деп аталган программага берилээрин, ага бериш үчүн көп тараптуу кызматташтык керек экендигин билдирди жана Улуттук университетти аталган проектти ишке ашырууга өнөктөш болууга чакырды.

Догдурбек Чонтоев Хиросима университетинин өкүлүнө Улуттук университетти тандаганы үчүн ыраазычылык билдирип, КУУнун жетекчиси катары аталган проектти колдоорун жана Хиросима университети менен чогуу иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушууга о.э. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жер казынасын пайдалануу саясаты башкармалыгынын начальниги Бактияр Күчүмкулов, КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мирлан Дылдаев, эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков, Кыргыз-Япон борборунун коммуникациялар боюнча адиси Гүлзат Акматбекова жана япон тили окутуучусу Майрам Жолбулакова катышты.

Добавить комментарий