2025-жылдын 10-январь күнү ректор Догдурбек Чонтоев башкы имараттагы чоң жыйындар залында факультет декандары жана институт директорлору менен кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө ректор катышуучуларды Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин, мааракеге карата чыгарылуучу китептерди басмага сунуштоо боюнча комиссиянын курамдары жана 100 жылдыкка карата өткөрүлүүчү иш чаралардын планы менен тааныштырып, дүйнөлүк университеттердин ТОП-1000 рейтингине кирүүнүн критерийлери тууралуу билдирүү жасады жана аталган критерийлер боюнча университеттин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында түзүм жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди..
Кеңешмеде о.э. окуу жайдын окуу, чарба ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер да каралды.
Жыйынга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов жана инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова катышты.