2025-жылдын 13-январь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин окутуучуларына Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Электрондук платформа жана санариптик ыкмаларды пайдалануу” боюнча семинар өткөрүлдү.

Окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу катышуучуларга презентацияларды түзүү, даяр электрондук шаблондорду пайдалануу, мугалимдин жумушун жеңилдетүүчү программалар, заманбап тажрыйбалар жана практикалык иштер, компьютердик сабаттуулук жана аларды өздөштүрүү боюнча кеңири маалыматтарды берди.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар арасында суроо-жооп уюштурулуп, саамалык жылуу пикирлер менен соңуна чыкты.

Белгилей кетсек, аталган иш чара КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин демилгеси менен окуу жайлар аралык тажрыйба алмашуу, кызматташууну байытуу, мамилени чыңдоо максатында уюштурулду.

(С) Мойдунов Аскарбек – Ош шаарындагы ГТИФтин инженер-программисти

Добавить комментарий