2025-жылдын 10-январында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев «Салым Финанс» микрокаржылык компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Мирлан Кулов менен жолугушту. Жетекчилер билим берүү, илим жана адистерди даярдоо боюнча өз ара пикир алышып, аталган багыттар боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен «Салым Финанс» микрокаржылык компаниясынын ортосундагы кызматтташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Кызматташуунун максаты – адам ресурстарын өнүктүрүү жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн шарттарды түзүү.

Түзүлгөн келишимдин алкагында КУУнун студенттери «Салым Финанс» компаниясында практикалык окуудан жана стажировкадан өтө алышат, о.э. тараптар билим берүү программаларын ишке ашыруу, илимий изилдөөлөрдү, семинарларды жана конференцияларды өткөрүү боюнча иш алып барышат.

Кол коюу аземинде Догдурбек Чонтоев Улуттук университет ар дайым өз студенттеринин ар тараптуу өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө умтулаарын жана бүгүнкү кол коюлган келишим студенттер үчүн жаңы мейкиндиктерди ачып берээрин белгиледи, ал эми Мирлан Кулов Улуттук университет менен кызматташуу эки тарапка тең пайдалуу болуп, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошо турган адистер даярдалаарына ишенээрин билдирди.

Жолугушууга о.э. «Салым Финанс» компаниясынын адам ресурстары башкармалыгынын улук адиси Алтынай Касымова, КУУнун инвестиция боюнча проректору Гүлбара Сыдыкова, экономиканын жогорку мектебинин директорунун орун басары Аида Халикова жана ЭЖМдин “Финансы” кафедрасынын башчысы Роза Секиева катышты.

Добавить комментарий