2025-жылдын 27-декабрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев Улуттук университетте 40-50 жылдан бери иштеп келе жаткан ардагер агай-эжейлер менен жолугушуп, кирип келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады жана эмдиги жылы белгиленүүчү КУУнун 100 жылдыгына карата жасалып аткан иштер жана алдыга койгон пландар тууралуу кыскача айтып берди.
Ардагерлер ректорат тарабынан соңку мезгилде жасалып жаткан иштердин натыйжасында университеттин айлана-тегереги бир топ өзгөрүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалып, жатаканалар менен спорт зал оңдолуп, студенттердин сапаттуу билим алуусуна жана эс алуусуна жакшы шарттар түзүлүп жатканын, окутуучулар менен кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлүп, илим менен алектенген окумуштуулар үчүн стимул берүүчү кошумча төлөмдөр жүргүзүлүп жатканын белгилешип, 100 жылдыкка карата иштелип чыккан пландарды колдоорун айтышты жана колдон келген жардамды аябасын билдиришти.
Жолугушуунун соңунда ардагерлер Улуттук университеттин ардак грамотасы жана чакан белектер менен сыйланышты.



