2024-жылдын 25-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында саат Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, Билим берүү системасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыктарына жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 10 жылдыгына карата жыл жыйынтыгын аныктоочу «Устатка таазим» жана республикалык “Билим лидери – 2024” сынагынын сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын белгилүү педагог-окумуштуулары, жылдын эң мыкты жыйынтыгын көрсөткөн билим берүү кайраткерлери жана “Билим лидери – 2024” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү, финалисттери катышты. 

КУУнун ректор Догдурбек Чонтоев өзүнүн куттуктоо сөзүндө «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы жер-жерлердеги мугалимдерге методикалык жактан көмөк көрсөтүү, мектептерге алдыңкы иш тажрыйбаларды, билим берүүдөгү жаңычыл идеяларды жайылтуу, жалпы агартуу журтун педагогикалык, илимий жана практикалык жаңылыктар менен тааныштырып туруу максатында ачылганын, журналда белгилүү окумуштуу-педагог, дасыккан насаатчы-методисттерден тарта, ар бир карапайым айылдык педагог, тарбиячы, болочок мугалим да өз макалалары, чыгармачыл изденүүлөрү, методикалык иштелмелери, жеке тажрыйбалары менен бөлүшө алаарын белгилеп, жыл жыйынтыгын аныктоочу «Устатка таазим»  жана республикалык “Билим лидери-2024” сынагынын катышуучуларына билим берүү тармагында жаратмандык менен талыкпай жасап келе жаткан эмгектери, келечек муунду калыптандырууга жана “Мугалим” деген улуу атты даңазалоого кошкон опол тоодой салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Мугалим” илимий-педагогикалык журналдын биричи саны мындан он жыл мурда, т.а. 2014-жылдын март айынан баштап жарык көрө баштаган.  «Мугалим» журналынын №1 санында эле республикалык «Жылдын мыкты мугалими» сынагын жарыялап, Жобосун басып чыгарган. Ал сынактын максаты — педагогикалык кызматкерлердин чыгармачылык ишмердигин өнүктүрүү, билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоо, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын арттыруу, ошондой эле чыгармачылык менен иштеген  мугалимдерди табуу, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу болчу. Андан бери журналды чыгаруу менен катар “Мугалим – коомдун күзгүсү”, “Устатка таазим”, “Мыкты тарбиячы”, “Мыкты класс жетекчи” ж.б. сынактар өткөрүлүп келет. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери “Билим лидери – 2024” сынагын онлайн форматта өткөрүп, жыл жыйынтыгын аныктоочу “Устатка таазим” иш-чарасы менен катар сынактын жеңүүчүлөрү сыйланат.

«Билим лидери-2024» кароо-сынагы директорлор (жетекчилер) арасында республикалык деңгээлде өттү. Сынакка жалпы билим берүүчү орто мектептерде, гимназия-лицейлерде, мектеп-интернаттарда, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан директорлор (жетекчилер) катышты.

Сынактын максаты – чыгармачыл, демилгелүү жетекчилерди табуу жана аларды жалпыга таанытуу менен мыкты үлгү катары көрсөтүү; республикадагы жетекчилерди топтоо, аларды “Мугалим” илимий-педагогикалык журналына чагылдыруу; жетекчиликтин ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу, колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. Сынакка эмгек стажы 7 жылдан кем эмес 200 чукул жетекчилер катышып, 29у финалга суурулуп чыкты.

“Билим лидери – 2024”  кароо-сынагы октябрь, ноябрь, декабрь айларында онлайн түрүндө 2 этап, 5 багыт менен өткөрүлдү. Сынак жана сынактын тапшырмалары кыргыз тилинде (мамлекеттик тилде) жүргүзүлдү.

Сынактын жүрүшүндөгү ар бир тапшырма көз карандысыз калыстар тобу, редакциялык кеңеш тарабынан бааланып турду. Калыстардын курамы педагог-окумуштуулар, жаӊычыл, чыгармачыл мугалимдерден түзүлгөн.

Биринчи этаптын багыттары:

  • Жетекчилик боюнча тесттик тапшырма (40 упай). Убактысы 30 мүнөт. Тест жетекчинин жалпы кругозорун, интеллектуалдык деңгээлин, билим сапатын жана дүйнө таанымын баалоо максатында алынды.
  • Мугалимге (мугалимдерге) мотивациялык (шыктандыруучу) кат жазуу (50 упай). Мотивациялык каттын темасын катышуучу өзү тандады. Көлөмү эки, үч беттен кем эмес. Үч катышуучу “Мыкты мотивациялык кат” диплому, китеп менен сыйланат.

Экинчи этаптын багыттары:

  • Педагогикалык кырдаалга жооп берүү (30 упай). Убактысы 10 мүнөт берилди.
  • Педагогика-психология боюнча тесттик тапшырма (40 упай). Убактысы 30 мүнөт берилди.
  • Китеп окуу жана ал боюнча тесттик тапшырма (50 упай). (Тест Тодд Уайтакердин “Мыкты мектеп деректири кандай болот?”, Г.Мадаминовдун “Жетекчиге жеке талап” китептеринин негизинде өткөрүлдү.
  • Комплекстүү тест (40 упай). Убактысы 30 мүнөт. (Тест Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамы, Эмгек кодекси жана билим берүү боюнча нормативдик-укуктук актылар боюнча өткөрүлдү).

Сынактын катышуучуларына төмөнкүдөй наамдар жана сыйлыктар тапшырылды:  

Кароо-сынактын Баш байгеси “Билим лидери-2024” наамы жана баш байгени жеӊип алгандыгын тастыктаган диплом, “Билим лидери” төш белги, статуэтка жана китеп менен сыйланат. Жеӊүүчү «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын «Мугалимдин имиджи» рубрикасына  чагылдырылат. Баш байгени – 188 упай менен Лейлек районундагы №1 жатак-интернатынын директору Тагаева Айнура Иманалиевна багындырды.

1-орун “Билим лидери-2024” наамы, “Билим лидери” төш белги жана I даражадагы диплом, статуэтка, китеп  менен 170 упай топтогон Кочкор районундагы “Баластан-Нуру”  мектепке чейинки билим берүү уюмунун башчысы Багышова Перизат Токтосуновна сыйланат.

2-орун “Билим лидери-2024” наамы, “Билим лидери” төш белги жана II даражадагы диплом, статуэтка, китеп – 165 упай менен Лейлек районундагы  “Курулуш” орто мектебинин директору Нийматилла кызы Саткынай жана 163 упай топтогон Тогуз-Торо районундагы  №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин  директору Жээналиева Гүлүм Шайлообековна чыкты.

3-орун “Билим лидери-2024” наамы, “Билим лидери” төш белги  жана  III даражадагы  диплом, статуэтка, китеп 162 упай менен Ак-Суу районундагы Мамбет Мамакеев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Ишенбекова Айзада Мухтарбековна жана Бишкек шаарындагы №55 жалпы орто билим берүү мектебинин директору Садырова Асел Казбековна багындырышты.  Ал эми 4-5-орунга чыккандар  “Билим лидери” төш белги, диплом, китеп –  158 упай менен Бишкек шаарындагы №25  жалпы билим берүү орто мектебинин директору Каниметова Гулайым Кылычевна жана 155 упай менен Лейлек районундагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин директору Кундузова Гульмира Абдиманнановна камсыз кылышты.

“Билимдүү жетекчи” номинациясын:  Ак-Суу районундагы “Алтын-Бешик” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Асангазиева Тунук Белековна;  Баткен облусунун Лейлек району Кереге-Таш жалпы билим берүү  мектебинин директору Абдуллаева Максатай Абдуллаевна жана   Бишкек шаарындагы Ленин районунун Ишеналы Арабаев атындагы №102 жалпы билим берүү  орто мектебинин директору Дуйшеналиева Рахат Асековна жеңип алышты.

“Мыкты мотивациялык кат” номинациясына: Кемин районундагы Абдыкайыр Казакбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин директору Масылова Айнура Садыковна жана Нарын районундагы  Маамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинин директору Мамбетова Мирзат Асанкуловна татыктуу болушту. Бул кароо-сынактын багыттарынын жалпы жыйынтыгы жетекчинин билим сапаты катары эсептелбейт.  Жөн гана чыгармачылык, педагогикалык жааттагы өзүн-өзү сыноо болуп саналат.

(С) Рахат Сулайманова – педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору

Добавить комментарий