2024-жылдын 25-декабрь күнү “Мурас” ресторанында “Кыргыз Туусу” гезити тарабынан аныкталган “Жыл мыктыларын” жана “Кыргыз Бренди” номинациясы боюнча жеӊишке ээ болгон ишкана, мекеме жана окуу жайларды сыйлоо аземи болду.

Сыйлыктарды “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов жана мурдагы (1986–1993-жылдарагы) редактору Тилектеш Ишемкулов тапшырышты.

Аталган номинациялар боюнча жеӊүүчүлөр гезит тарабынан уюштурулган добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган.

Өлкөнүн руханий-маданий гуманитардык жактан өнугүшунө кошкон зор салымы жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктери үчүн Билим берүүнүн флагманы, Эл аралык Excellent Quality 5 жылдыз сыйлыгынын ээси Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети “Кыргыз Бренди” номинациясында жеӊүүчү аталып, тиешелүү сертификат жана статуэтка менен сыйланды.

Сыйлоо аземине мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев катышып, сыйлыкты өз колу менен кабыл алып, университетке кубанычтуу кайтып келди.

Жеңүүчүлөр тууралуу маалымат “Кыргыз Туусу” гезитинин 2024-жылдын 20-декабрындагы санына жарыяланган.

Добавить комментарий