2024-жылдын 25-декабрь күнү башкы имараттагы смарт-класста Кыргыз улуттук университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Аталган кеңештин төрагасы, мамлекеттик жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, УИАнын академиги Абдыганы Эркебаев алып барган жыйында “”Билим Бишкек” инновациялык борборун 2025-жылдын 1-январынан ачуу”, “КУУнун жатакана акысын теңдөө”, “КУУнун бюджеттен тышкаркы ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттарды топтоонун жана сарптоонун тартиби жөнүндө жобо“, “КУУнун ички аудити жөнүндө жобо жана сектор ачуу”, “КУУнун 2024-жылдын такталган киреше жана чыгаша сметасы” жана “Чакырылган чет элдик окумуштууларга жана практиктерге төлөнүүчү акча каражатынын көлөмү” жөнүндө маселелер каралып, алар боюнча биричи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, пландоо-финансы бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамаева, пландоо-финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бермет Кабылбек кызы маалымат беришти.
Баяндамачыларга суроолор берилип, кенен-кесир талкуу болгондон кийин, Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрү аталган маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.