2024-жылдын 24-декабрында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйынга “Эркин-Тоо”, “Кыргыз Туусу” гезиттеринин, УТРКнын, ЭлТРдин, Биринчи радионун, Sputnik Кыргызстан радиосунун, “Кабар” маалымат агенттигинин, “Region” телеканалынын, 7-каналдын, Т-медианын, Sokol.media маалымат агенттигинин, “Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун, “Мир” телеканалынын Кыргызстандагы филиалынын, “Российская газетанын” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилери, башкы редакторлору, о.э. эркин журналисттер, медиа эксперттер жана «Сезим» борборунун өкүлү катышты.

Жолугушууну журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк алып барды.

Ректор сөзүнүн башында убакыт таап, келип бергендиги үчүн журналисттерге терең ыраазычылык билдирип, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады жана 2025-жылдын 25-октябрында Улуттук университеттин түзүлгөнүнө 100 жыл толоорун кабарлап, ошол мааракеге карата массалык маалымат каражаттарында университет тууралуу позитивдүү материалдар жарыяланып, анын имиджин көтөрүүгө өбөлгө түзүлөт деген үмүттө экенин “Улуттук университетте көп эле нерселер жасалып атат, бирок аларды коомчулукка толук жеткире албай жатабыз” деген сөздөр менен билдирди.

Андан ары Догдурбек Чонтоев ММК өкүлдөрүнө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2022-жылдын 18-июлундагы №243 жарлыгы менен өзгөчө статус берилгенин, ал жарлыкты аткаруу максатында 2022-2027-жылдар аралыгында окуу жайдын өнүгүү стратегиясы иштелип чыкканын айтып, аны ишке ашыруу боюнча түзүлгөн Улуттук университеттин структурасы, материалдык-техникалык базасы, профессордук-окутуучулук курамы, студенттердин контингенти, каржылык абалы, эмгек акынын жогорулашы, эл аралык ишмердүүлүгү, билим берүү программалары жана илимий изилдөөлөр тууралуу маалымат берип, ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Жыйынга катышып жаткан ММК өкүлдөрү гезит, ТВ, радио үчүн эң көп кадр даярдаган КУУнун журналистика жана коммуникация институту (мурдагы “журфак”) экендигин, көпчүлүк жетекчилер, журналисттер ошол факультетти бүтүрүшкөнүн айтып, окуу жай тууралуу толук маалымат бергендиги үчүн ректорго ыраазычылык билдиришип, Улуттук университет менен кызматташууга даяр экенин билдиришти жана журналисттерди даярдоодогу айрым көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу сөз кылышты.

Жолугушуунун андан аркы бөлүгүндө ректор КУУнун маалыматтык саясатын жүргүзүүгө кошкон салымы жана жигердүү кызматташтыгы үчүн ММК өкүлдөрүнө ардак грамоталарды тапшырды.

Жыйындын соңунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен “Кыргыз Туусу” гезитинин, “Эркин-Тоо” гезитинин, ЭлТРдин, “Кабар” маалымат агенттигинин, Sputnik Кыргызстан радиосунун, “Мир” телеканалынын Кыргызстандагы филиалынын, “Российская газетанын” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана “Region” телеканалынын ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол коюлду. Документтерге кол тамгаларын КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев, “Кыргыз Туусу” гезитинин баш редактору Алмаз Кулматов, “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев, ЭлТРдин башкы директорунун орун басары Нуркамал Асканова, “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев, Sputnik Кыргызстан радиосунун жетекчиси Елена Череменина, “Мир” телеканалынын Кыргызстандагы филиалынын башкы директору Нурдин Урманбетов, “Российская газетанын” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков жана “Region” телеканалынын директорунун орун басары Дооронбек Адаханов калтырышты.

Добавить комментарий