2024-жылдын 24-декабрында ректор Догдурбек Чонтоев Улуттук телерадио корпорациясы, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган жогорку окуу жайлардын студенттери арасындагы республикалык “Билги” билим таймашында 1-орунду ээлеп, 250 миң сомдук акчалай сыйлыкка татыктуу болгон Кыргыз улуттук университетинин команда мүчөлөрүн жана аларды даярдаган окутуучуларды кабыл алды.
Догдурбек Чонтоев бул жеңиш – Улуттук университет үчүн сыймык, жаңы жыл алдындагы маанилүү жетишкендик экенин белгилеп, команда мүчөлөрү менен жетекчилерин ийгилиги менен куттуктады жана студенттердин ата-энелерине ыраазычылык билдирди.
Команданы даярдаган окутуучулар Алмаз Кадыр уулу менен Назгүл Турдубаева аталган сынак тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында, команданын курамына кыргыз филологиясы факультетинен 4, тарых жана чөлкөм таануу институтунан 1 студент кирди. Таймашка алгач 22 жогорку окуу жайдын командалары катышып, 2024-жылдын 15-майында чүчү кулак кармоо менен каршылаштар аныкталды.
Таймаштын 1-айлампасы 20-24 – май күндөрү өтүп, жыйынтыгында 16 жогорку окуу жайы калды; 2-айлампа 17-20 – сентябрда өтүп, 8 жогорку окуу жайы калды; 3-айлампа 11-12 – ноябрда өтүп, 4 жогорку окуу жайы финалга чыкты. Алар:
- Милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясы.
- К.Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институту.
- Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети.
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Билим таймаштын финалдык оюну 23-декабрда Улуттук телерадио корпорациясынын студиясында өтүп, жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
- 1-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (250 миң сом сыйлык);
- 2-орун: Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети (150 миң сом сыйлык);
- 3-орун: Милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясы (100 миң сом сыйлык).
Окутуучулардын айтымында, финалдык оюн мыкты деңгээлде уюштурулуп, кызыктуу жана адилеттүү өттү.
Жолугушуунун соңунда студенттер сүйлөп, таймаштын жүрүшүндө өздөрү үчүн эмес, “флагман” деп аталган Улуттук университеттин кадыр-баркы үчүн аракет кылышканын айтышты.





