2024-жылы 23-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Мыкты студент 2024» аттуу иш чаранын алкагында окууда, илимде, маданий-массалык, тарбиялык-коомдук ишмердүүлүгү жана спорттук иш чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн КУУнун ректору Д.Т.Чонтоевдин ырааазычылык каты жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына арналган майрамдык иш чараны өткөрүүдө КУУнун кызматкерлери жана студенттери чоң салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У.Жапаровдун ыраазычылык каты менен сыйлануу аземи болуп өттү.
Иш чара кыргыз элинин кылдуу чертме музыкалык аспабы болгон комуздун күүсү менен башталып, КУУнун ректору Д.Т. Чонтоев сөз сүйлөп, студенттерге ыраазычылык катын тапшырды. Андан соң мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев студенттерге ыраазычылык кат тапшырууну улантты.
Иш чара концерттик программа менен коштолуп жыйынтыкталды.
(С) Абдыбекова Айжан – жаштар саясаты жана спорт боюнча бөлүмүнүн башчысы
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды