2024-жылдын 20-декабрында башкы имараттагы 144-кабинетте “Түрк мурасынын борбору” ачылды. Аталган окуяга байланышкан аземге түркология боюнча эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты.

Борбордун алдына тартылган кызыл тасманы КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев менен ачылып жаткан борбордун жетекчиси Кайрат Осмоналиев кесишкен соң, аземдин катышуучулары кабинеттин ичине кирип, Улуттук университеттин ректору Догдурбек Чонтоев, “Түрк элдеринин конгресси” эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Эдил Марлис уулу, Ч.Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форумунун президенти Аскар Айтматов ж.б. куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Догдурбек Чонтоев “Түрк мурасынын борбору” – Түрк маданияты жана мурасы фонду менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында түрк дүйнөсүндө ачылып жаткан алгачкы борбор экенин белгилеп, анын негизги максаты – түрк маданияты жана мурастары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, биргелешкен долбоорлор менен иштөө, б.а. түрк мурастарын сактоо жана жайылтуу боюнча хаб катары кызмат кылуу экенин билдирди. Борбордо түрк тарыхына, тилдерине, адабиятына, фольклоруна, музыкасына, искусствосуна арналган китепкана жана санариптик архивдер жайгашат. Бул ресурстар окумуштууларга, студенттерге жана кеңири коомчулукка жеткиликтүү болуп, түрк маданий мурастарын тереңирээк түшүнүүгө жана баалоого өбөлгө түзөт. Сөзүнүн соңунда ректор ачылып жаткан борбор жетекчилик тараптан колдоого алынып, андан ары иштеп кетүүсүнө шарт түзүлөөрүн белгиледи.

Добавить комментарий