2024-жылдын 19-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында филология илимдеринин доктору, профессор, УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Бүбүйна Өмүрзаковна Орузбаеванын 100 жылдыгына арналган “Академик Бүбүйна Орузбаева жана кыргыз, түрк тил илими” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Жыйынды УИАнын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор С.Ж. Мусаев алып барды.
Академик Б.Ө.Орузбаева жөнүндө кыскача тасма көрсөтүлгөн соң, ал тууралуу эскерүүлөрү менен Президенттик Администрациянын бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, УИАнын академиги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Мустафа Кидибаев, УИАнын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Абдыганы Эркебаев, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Маразыков, Түркиянын Гиресун университетинин профессору, ф.и.д. Ахмет Гүнгөр, А.Байтурсун уулу атындагы тил билими институтунун деректири, филология илимдеринин кандидаты Анар Фазылжан ж.б. бөлүштү.
Тыныгуудан кийин конференциянын иши “Академик Б.Ө.Орузбаева жана кыргыз тили”, “Академик Б.Ө.Орузбаева жана жалпы түркология маселелери” жана “Академик Б.Ө.Орузбаева жана мамлекеттик тил маселелери” деген секцияларда уланды.