2024-жылдын 20-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын күн тартибинин негизги бөлүгүндө 3, ар түрдүү бөлүгүндө 14 маселе каралды.

Отурумдун башында ректор Догдурбек Чонтоев катышуучуларды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, окуу жайда тартип менен ынтымак орноп, жакшы жылдардан болушун каалады. Андан ары ал бүгүнкүнү эске алганда университеттин түзүмдөрүнө жалпысынан 500 компьютер, ноутбук жана принтер, 15 LED экрандар бөлүштүрүлгөнүн кабарлап, аларды сарамжал жана эффективдүү колдонууну өтүндү. Ректор о.э. эмдиги жылы белгиленүүчү КУУнун 100 жылдыгына даярдык боюнча түзүм жетекчилерине тапшырмаларды берип, институт/факультеттердеги айрым көйгөйлөр жана соңку мезгилдеги иш сапарлары тууралуу кыскача маалымат берди.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев баяндама жасап, 2023-2024-окуу жылындагы жайкы сессия менен мамлекеттик аттестациялык комиссиянын жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

“КУУнун жарчысы” редакциялык-басма бөлүмүнүн 2023-2024-окуу жылындагы ишмердүүлүгү жөнүндө аталган бөлүмдүн редактору Нина Даровских чыгып сүйлөдү.

Күн тартибиндеги “КУУнун дисциплинарлык комиссиясынын 2023-2024-окуу жылындагы ишмердүүлүгү жөнүндө” деп аталган 3-маселе боюнча окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев баяндама жасады.

Отурумдун “Ар түрдүү маселелер” деген бөлүгүндө

  • “Сунушталган концепция боюнча университеттин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу жөнундө (ректордун реформасы)”
  • “КУУнун финансы-чарба ишмердүүлүгүн пландоо жана бюджеттөө жөнүндө жобону бекитүү”
  • “КУУнун бюджеттен тышкаркы ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттарды топтоонун жана сарптоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү”
  • “КУУнун Кыргыз Рecпубликасынын билим берүү системасында иштеген административдик-башкаруу курамына эмгек стажына жараша төлөм жүргүзүү”
  • “Чакырылган чет элдик окумуштууларга жана практиктерге төлөөнүүчү акча каражатынын көлөмү”
  • “КУУнун ички аудити жөнүндө жобону бекитүү жана сектор ачуу”
  • “Математика жана информатика институтунун кафедраларын оптимизациялоо”
  • “2025-2026-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу үчүн кесипке багыт берүү ишинин планын бекитүү”
  • “Компьютердик  технологиялар жана жасалма интеллект институтунун структурасы”
  • “Кошумча  билим берүүнүн дипломдорунун жана сертификаттарынын формасын бекитүү”
  • “КУУда билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугунун лицензиясынын формасын бекитүү”
  • “КУУнун жатакана акысын теңдөө”
  • “Кыргыздардын жана Кыргызстандын байыркы доорлордон бүгүнкү күндөргө чейинки тарыхы (15 томдук академиялык басылма)” аттуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Долбоорун КУУнун базасында ишке ашыруу”
  • “КУУнун алдындагы Коомдук фонддун байкоочу кеңешинин жана башкармалыгынын мүчөлөрүн бекитүү”

жөнүндө маселелер каралып, алар боюнча

  • пландоо-финансы бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамаева
  • кадрлар бөлүмүнүн башчысы Нургул Курамаева
  • пландоо-финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бермет Кабылбек кызы
  • математика жана информатика институтунун директору – кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов
  • компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев
  • кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору Аслан Кулбаев
  • окуу башкармалыгынын билим берүүнүн сапаты, мониторинги, аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Надежда Храмцова
  • студенттик жатаканалардын координатору – №11-жатакананын башчысы Бексултан Шабданов
  • биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев
  • мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева

билдирүү жасашты

Бардык маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, алымча-кошумчалар менен аталган маселелер Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумуна сунушталды.

Добавить комментарий