2024-жылдын декабрь айынын биринчи декадасында кыргыз  милициясынын 100 жылдыгына карата жана милициянын биринчи генерал-майору Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган аскердик кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты өтүп, мелдешке математика жана информатика институтунүн  4-курс студенти Талантбек кызы Айтурган 55 кг салмакта катышты.

Жыйынтыгында ал 2-орунду ээлеп, Кыргыз  Республикасынын спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү  боюнча дирекциясынын 2-даражадагы  диплому менен сыйланды.

Институттун жетекчилиги өз студентин бул ийгилиги менен чын журоктон куттуктап, мындан аркы  спорттук жеңиштерди каалайт.

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий