2024-жылдын 13-декабрында педагогикалык колледжде Монтессори билим берүү борбору ачылды. Бул борбор Корея Эл аралык Кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу менен педагогикалык колледждин “Мектепке чейинки билим берүү адистиги” үчүн түзүлдү.

Аталган иш чара КУУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) директору Лим Соен, Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинен Абыкеева Махабат, Масымканова Атыркуль, Азия Инновациялык колледжинин директору Шамшиева Махабат, И.Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык педагогикалык колледжинен Гүлшайыр Жаныбекова,  №22 мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячылары, педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору Рахат Сулайманова жана колледждин эмгек жамаатынын  катышуусунда өттү.  

Кабинеттин ачылыш аземине келген конокторго сөз берилип, куттуктоо  сөздөрүн айтышты. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев кызматташтык үчүн Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигине жана директору Лим Соен айымга   терең ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек : Монтессори методу – бул бала дидактикалык жактан даярдалган чөйрөгө таянуу менен өз алдынча өнүккөн педагогикалык система. Монтессори тутумунун негизги принциби “Мага муну өзүм жасоого жардам бериңиз”.                           

Монтессори биринчи кезекте эрте өнүгүү ыкмасы болуп саналат. Монтессори системасы 19-20-кылымдын аягында пайда болгон. Анын автору италиялык дарыгер жана мугалим Мария Монтессори болгон.Мария 1870-жылы туулган. Сенорита Монтессори Италияда дарыгерлик квалификациясын алган биринчи аял болду.

1929-жылы Мария уулу менен Эл аралык Монтессори Ассоциациясын (Association Montessori International) уюштурган, ал бүгүнкү күндө дүйнөнүн жыйырмадан ашык өлкөсүндө иш алып барат.

(С) Асыранбекова Самара – окутуучу

Добавить комментарий