2024-жылы 12-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата “Асманда жанып турган эки жылдыз, анын бири Алыкул да, бири Чыңгыз!” аттуу поэзия кечесин өткөрүлдү.
Алгач эле “Манас” эпосунан Саякбай Каралаевдин каарманы “Каныкейдин Тайторуну чапканын” айтылып, көрүүчүлөрдүн жүрөгү бир толкуп алды. Андан соң ааламга таанымал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарылып, студенттер таасирленип, көздөрүнө жаш алып, толкундоо менен токтобостон кол чабышып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Акын, жазуучу Алыкул Осмоновдун калемине таандык көркөм ырларынан ыр саптарын окулуп, ыр, бийлер менен коштолуп поэзия кечеси өз максатына жетти.
Кеченин соңунда мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев сөз сүйлөп, “Мындай деңгээлде иш чараны көрө элекмин, азаматсыңар балдар” деп студенттерди шыктандыруу менен бирге көзүнө жаш алып олтурганын да жашырган жок. Проректор уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирип, ушундай коюлумду дагы бир жолу көрсөтүүнү сунуштады.
Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты кыргыз маданиятын өркүндөтүү, өстүрүү, студенттерге маданиятты жайылтуу, жазуучу менен акындын чыгармаларына кызыгуусун арттыруу жана ошондой эле таасирленттүү максатын көздөө болду.
(С) Абдыбекова Айжан – жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы