2024-жылдын 13-декабрь күнү 8-окуу имаратынын 5-кабатында “жаңы конушка көчкөн” чет тилдер институтунун ачылыш аземи болду. Иш чарага административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов, ректораттын аппарат жетекчиси Дуулат Шерик уулу, аксакалдар кеңешинин төрагасы Садык Алахан, факультеттердин декандары жана институттардын директорлору катышты.

Чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов келген конокторго институт тууралуу жана дубалга тартылган сүрөт жөнүндө кыскача маалымат берип, толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн, керектүү техникалык каражаттар менен жабдылган жаңы дарсканаларды жана кабинеттерди көрсөтүп чыкты.

Белгилей кетсек, чет тилдер институту буга чейин №5-окуу имаратында жайгашып келген.

Добавить комментарий