2024-жылдын 10-декабрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев башкы имараттагы конференц-залда факультет декандары, институт директорлору жана башка түзүм жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө ректор Улуттук университеттеги иш чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, жатаканалардагы абал, массалык маалымат каржаттары жана социалдык тармактар менен иштөө, студенттерди окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү боюнча билдирүү жасап, аталган маселелер боюнча жооптуу кызматкерлерге тиешелүү тапшырмаларды берди.
Жыйындын соңунда кеңешменин катышуучулары Догдурбек Чонтоевди өздүк майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты.









