Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында тарых жана чөлкөм таануу институтунун күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттери 2024-жылдын 25-ноябрынан 7-декабрына чейин Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу институтунда окуу курсунан өтүп келишти.

Бул программа студенттерге башка университеттин окуу процессин таанып-билүү, тажрыйба алмашуу жана жаңы билимдерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берди. Окуу мезгилинде студенттер теориялык жана практикалык сабактарга катышып, чыгыш таануу жаатында илимдин ар кайсы багыттарын изилдешти. Ошондой эле, программа алкагында университеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү.

Мобилдүүлүк программасынын алкагында студенттер билим алуунун гана эмес, маданий-тарыхый изилдөөлөрдүн да катышуучусу болушту. Окуу сапары учурунда студенттер Өзгөн мунарасына барып, ошол жердин тарыхы менен таанышышып, Алымбек датканын жана Курманжан датканын күмбөздөрүнө барышып, тарыхый инсанардын жашоосу жана мурасы тууралуу маалымат алышты. Институттун жетекчилиги студенттерге баалуу китептерди белек кылышты..

Бул сапар студенттердин билимин кеңейтип, алардын маданий аң-сезимин өстүрүүгө чоң салым кошту.

(С) Айдар Шейшенов – директордун орун басары

Добавить комментарий