2024-жылдын 11-декабрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында кыргыз-япон институту тарабынан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган “Ч.Айтматов жана доор чакырыгы” аттуу адабий-чыгармачылык кече өткөрүлдү.
Жыйынга мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, кыргыз-япон институтунун директору Жеңиш Бексултанов катышып, айтылуу жазуучунун чыгармаларынын улуттук жана жалпы адамзаттык нарк-насили жөнүндө актуалдуу ойлорун ортого салышты.
Кеченин жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы , “Саманчынын жолу”, “Ак кеме” повесттери боюнча студенттер тарабынан даярдалган сценкалар көрсөтүлүп, көркөм окуулар уюштурулуу менен, жазуучунун чыгармалары боюнча жазылган обондуу ырлар аткарылды.
Иш чаранын соңунда студенттерге мактоо баракчалары тапшырылды.
Кечеге институттун окутуучу-доценттери менен студенттери жигердүү катышышты.
(С) Ж.Гапарова – курстун менеджери