2024-жылдын 10-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, профессор, чыгаан окумуштуу-педагог Качкынбай Артыкбаевдин туулгандыгынын 90 жылдыгына карата кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган “Профессор Качкынбай Артыкбаев жана кыргыз адабиятынын тарыхий-теориялык маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жыйындын башында кыргыз филологиясы факультетинин окутуучу-профессорлору менен студенттери Ала-Арча көрүстөнүнө барып, К.Артыкбаевдин эстелигине гүл коюп келишти.

Конференциянын модераторлук милдетин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Курманбек Абакиров аткарды.

Качкынбай Артыкбаев тууралуу “Дил сыры” даректүү фильми көрсөтүлгөн соң, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, профессор К.Артыкбаевдин көзү өткөнүнө 15 жыл болсо да, анын ысымы жана калтырган илимий, көркөм-адабий мурастары унутулбаганын, ал өз өмүрүнүн 50 жылдан ашык мезгилин кыргыз адабияты менен маданиятындагы олуттуу маселелерди изилдөөгө, студенттерге бекем жана терең билим берүү ишине арнаганын, коомубуздагы курч социалдык-маданий маселелер тууралуу макалалары жалпы элдин назарына илинип, колдоо таап келгенин белгилеп, У.Артыкбаевдин инсандык жана илимпоздук өзгөчөлүктөрүнө токтолду жана эл аралык илимий-практикалык конференцияны ачык деп жарыялады.

Чыгаан окумуштуу-педагог Качкынбай Артыкбаев тууралуу эскерүүлөрү менен илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, кытайлык кыргыз таануучу, профессор Мухамед Ху Чжэнхуа, филология илимдеринин доктору, профессор Ахмет Кулеш (Казакстан), филология илимдеринин доктору, профессор Лайли  Үкүбаева, филология илимдеринин кандидаты, профессор Бахтыяр Генжемуратов Бахтыяр (Өзбекстан) бөлүшкөн соң, төмөндөгү баяндамалар жасалды:

  • Жаманкулова Күлжамал – филология илимдеринин доктору: “Залкар окумуштуу Качкынбай Артыкбаевдин илимий ишмердүүлүгү”
  • Турдугулов Али – филология илимдеринин доктору, КУУнун профессору: “Адабий процесс профессор К.Артыкбаевдин изилдөөлөрүндө”
  • Медетов Аскар – филология илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти: “Качкынбай Артыкбаевдин адабий-сынчылык бейнеси”.

Жыйындын жүрүшүндө “Жаш толкундар” адабий чыгармачылык ийримдин мүчөлөрү К.Артыкбаевдин ырларын көркөм окуп беришти.

Добавить комментарий