2024-жылдын 4-декабрь күнү Түркия Республикасынын Президенттик Администрациясынын Адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын адистеринен турган топ Улуттук университетке келип, адегенде окуу жайдын илимий иштери боюнча проректору Мирлан Дылдаев жана инвестициялар боюнча проректору Гүлбара Сыдыкова менен, андан кийин башкы имараттагы кичи жыйындар залында КУУнун студенттери менен жолугушту.

Ректораттагы жолугушууда аталган топтун жетекчиси Бетүл Темиз айым 2024-жылдын 7-декабрында Бишкектеги Hyatt Regency мейманканасында “TalentforBIZ” (Карьераңды дүйнөлүк түрк компаниялары менен башта) деп аталган эл аралык карьералык иш-чара өтө тургандыгы жөнүндө маалымдап, КУУнун жетекчилиги менен акыркы курстун студенттерин аталган иш чарага чакырды. Анын айтымында, иш чаранын алкагында катышуучулар ар түрдүү тармактардагы эл аралык компаниялардын адистери менен таанышып, стенддерин зыярат кылып, иш берүүчүлөр тарабынан уюштурулган чай маектерге, мастер-класстарга жана башка көптөгөн акысыз иш чараларга катышып, стажировка же жумушка орношуу боюнча маалымат ала алышат. 2019-жылдан бери мындай иш чаралар Өзбекстан, Казакстан, Пакистан, Улуу Британия, Германия, Нидерланд, Түштүк Африка, Индонезия жана Малайзия сыяктуу өлкөлөрдө 17 жолу өткөрүлүп, 15 миңден ашуун студент/бүтүрүүчү 215 мамлекеттик жана жеке сектордогу уюмдар менен жолугушкан.

Проректор Мирлан Дылдаев берилген маалымат үчүн топтун мүчөлөрүнө ыраазычылык айтып, Кыргызстандын көптөгөн жаштары ар түрдүү программалар аркылуу Түркияга барып окуп, иштеп жаткандыгын, студенттер менен бүтүрүүчүлөргө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткан иш чараны колдоорун жана иш чарада сапаттуу кадрлар тандалып алынаарына ишенээрин билдирди.

Жолугушууларга о.э. эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Нүргүл Казак кызы катышты.

Добавить комментарий