2024-жылдын 11-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Эл аралык жаштар күнүнө КВИЗ интеллектуалдык оюну өткөрүлүп, тарых жана чөлкөм таануу институтунун „Манас урпактары” командасы 3-орунду ээледи.

Аталган оюн Улуттук университеттин институттарынын, факультеттеринин жана колледждеринин студенттеринин дүйнө таанымын кеңейтип, ар тараптуу ой жүгүртүүгө жана келечегине керектуу тажырыйба алуу менен бирге билимге, илимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлдү.

„Манас урпактары” командасынын мүчөлөрү: Каныбеков Кайратбек, Иниятова Эдита, Тыныстан кызы Назбийке, Таалайбек кызы Азима жана Авдеев Виталий

Иш чарада концерттик программа оюн-зооктор менен коштолуп жакшы маанай тартууланды.

(С) Айдар Шейшенов – окуу иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий