2024-жылдын 7-ноябрында жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин кызматкерлери окуу жайдын активдүү студенттери менен биргеликте Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып келишти.

Иш-чаранын алкагында КУУнун жаштары комплекстеги улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө арналып тургузулган эстеликке жана саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган эстелик-мемориалына, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшуп, маркумдарга багыштап куран окуп кайтышты.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча секторунун координатору

Добавить комментарий