2024-жылдын 1-ноябрь күнү 6-окуу имаратында толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн спорт залдын ачылыш аземи болуп өттү.

Кесиптик колледждин эмгек жамааты тарабынан уюштурулган иш чаранын башында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев, оор  атлетика боюнча олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов залдын кире беришине тартылган кызыл лентаны кесишти.

Факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов ректорго КУУнун спорттун бардык түрлөрү боюнча студенттерден жана кызматкерлерден турган курама командалары спорт залдын ачылуу аземине даяр экендиги тууралуу билдирүү жасап, Бишкек шаардык мэриясынын башкы симфониялык оркестри (башкы дирижеру – Азамат Кулубеков) Мамлекеттик гимн ойногон соң, ректор Догдурбек Чонтоев аземдин катышуучуларын спорт залдын ачылышы менен куттуктап, Швециянын Упсала шаарында өткөн аба акробатикасы боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунду ээлеген социалдык-гуманитардык илимдер институнунун 2-курс студенти Гүлбара Болотовага, Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн математика боюнча эл аралык студенттик интернет-олимпиадада 3-орунга ээ болушкан математика жана информатика институтунун 4-курс студенттери Марат Алмазбеков менен Байжигит Кайрыевге сыйлыктарды тапшырды.

Спорт залдын ачылышы меен КУУнун жамаатын о.э. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, оор атлетика боюнча Европанын 2 жолку, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Москвада өткөн олимпиаданын алтын медалынын ээси Каныбек Осмоналиев, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, олимпиада оюндарынын коло жана күмүш медалдарынын ээси Айсулуу Тыныбекова куттукташты.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Чырмаш Төрөбеков менен маданияттын мыкты кызматкери Кубат Тукешовдун музыкалык куттуктоолорунан кийин, Догдурбек Чонтоев, Каныбек Осмоналиев жана Айсулуу Тыныбекова жогорку окуу жайлар ортосунда өтө турган волейбол боюнча оюнду ачуу максатында “Биринчи топту ыргытып берүү” аземин жасашты.

Добавить комментарий