2024-жылдын 31-октябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев башкы имарат менен №8-окуу имаратынын ортосундагы чыгыштан батышка кеткен жолду оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерип, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов менен чарба бөлүмүнүн башчысы Алмаз Турдубаевге жаңыдан төшөлгөн асфальттын үстүнө белги сызыктарын чийүү, четиндеги арыктарды тазалоо иштерин тездетүү тапшырмасын койду.
Белгилей кетсек, аталган иштер 2024-жылдын 25-сентябрь күнү башталып, эски асфальт сыйрылып, шагыл жаткырылып, 19-20-октябрь күндөрү жаңы асфальт төшөлгөн.



