2024-жылдын 31-октябрында ректор Догдурбек Чонтоев дүйнөгө таанымал математик-окумуштуулар: Өзбекстан Илимдер академиясынын М.Романовский атындагы математика институтунун директору, академик, ф.-м.и.д, профессор, Өзбекстан Республикасынын Баатыры, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын депутаты, функционалдык анализ жана алгебра боюнча ири адис Аюпов Шавкат Абдуллаевич, Сербия Республикасынын Ниш университетинин профессору, ф.-м.и.д., КУУнун ардактуу профессору, топология жана математикалык анализ боюнча ири адис Кочинац Любиша жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун директору, академик, ф.-м.и.д, профессор, топология жана функционалдык анализ боюнча ири адис Борүбаев Алтай Асылканович менен жолугушту.

Ректор дүйнөгө белгилүү математик-окумуштуулардын Улуттук университетке келиши өзгөчө окуя экендигин белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди жана кызматташуу боюнча өз сунуштарын айтты. – Шавкат Абдуллаевич! Өзүңүз жана сиз жетектеген института иштеген окумуштуулар биздин университетке келип, студенттерибизге конок лекцияларды окуп берсе, ал эми биздин математика багытындагы магистранттарды сиздердин институтка илимий-педагогикалык практика өтүп келүүгө жөнөтсөк (меморандумга кол коюп). Сиздерде Ph докторантура жакшы жолго коюлган. Ошондуктан бул багытта дагы тыгыз кызматташып, чет элдик илимий гранттарга чогуу катышсак; Профессор Любиша Кочинац! Сиздин тажырыйбаныз мол. Келген сайын биздин студенттерге лекцияларды окуп жатасыз. Сиз негиздеген “Filomat” журналы Scopus жана Web of Science базаларында индекстелип, квартили жогору экенин биз билебиз. Ошондуктан, “Filomat” журналы менен биздин “Вестник КНУ” журналы мындай ийгиликке жетишүүнүн жолдорун талкуулашса жакшы болмок; Алтай Асылканович! Улуттук университет менен Улуттук илимдер академиясынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде кызматташууну андан ары күчөтсөк, – деди Догдурбек Чонтоев.

Андан кийин ал 29-31-октябрь күндөрү математика жана информатика институтунун студенттерине, магистранттарына жана Ph докторанттарына конок лекция окуп бергендиги үчүн Шавкат Аюпов менен Кочинац Любиша мырзаларга сертификат тапшырды.

Келген коноктор тыгыз иш графигине карабай, убакыт бөлүп, жолугушуп жатканы үчүн ректорго ыраазычылык айтып, аталган багыттар боюнча кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Добавить комментарий