“Sputnik Кыргызстан” радиосунун 10 жылдыгынын алкагында уюштурулган иш-чарада Ж.Баласагын атыдагы КУУнун ректору Догдурбек Чонтоевдин атайын тапшырмасы менен окуу жайдын ректоратынын аппарат жетекчиси Шерик уулу Дуулат, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк “Sputnik Кыргызстан” радиосун 10 жылдыгы менен куттуктап келишти.
Кызматташтык үчүн өзгөчө ыраазычылык “Sputnik Кыргызстан” маалымат агенттигинин жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина менен “Sputnik Кыргызстан” радиосунун редактор-алып баруучусу Айтурган Сатиевага айтылды.
Sputnik Кыргызстандын Улуттук университеттин маалыматтык саясатын жүргүзүүдө, коомчулукка университетте болуп жаткан иштерди жайылтууда, жеткирүүдө салымы чоң. Анын ичинде журналистика жана коммуникация институту менен тыгыз байланышта болуп, өндүрүштүк практикага студенттерди кабыл алып, мыкты контент жасоого көмөктөшүп келгени белгилүү.
(С) П.Джаныбекова – адис


