2024-жылдын 19-октябрында КУУнун алдындагы Конфуций институту быйыл үчүнчү HSK/HSKK кытай тили деңгээлин аныктоо сынагын өткөрдү. Жазуу сынагы 6 деңгээлге бөлүнөт, ал эми оозеки сынак 3 деңгээлге бөлүнөт: баштапкы, орто жана жогорку.
Чет элдиктердин кытай тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн маанилүү болгон HSK/HSKK тести, кытай тилинин Кыргызстанда жайылышына көмөктөшүүдө жана эки өлкөнүн ортосундагы маданий алмашууну өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ.
Сынакка катышкан адамдардын жалпы саны да жылдан жылга өсүүдө. КУУнун алдындагы Конфуций институту өз убагында аудиторияларды даярдап, экзамендик материалдарды таркатып, уюштуруу иштерин жакшы деңгээлде өткөрдү.
(С) Аманбек кызы Нурпейил – волонтер
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды


