ПжКБнын директору Замир Бакалбаев 2024-жылдын 17-октябрында орус жана славян филологиясы факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн 4-курс студенттеринин педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясына катышты.
Жыйынды Замир Бакалбаев ачып, практиканын окуу процессиндеги маанилүүлүгүн белгилеп, студенттерге мугалимдик кесиптин ардактуу экендигин айтып, келечекте мыкты мугалимдер болушуна тилектештигин билдирди.
Практика жетекчилери Симакова Д.А, Темиралиева Т.А, Байгажанова Г.К практика убагында студенттердин жетишкендиктери , топтогон тажрыйбалары жөнүндө айтып беришти. Студенттер практиканы ийгиликтүү жакташып, татыктуу бааларын алышты.
Конференцияга о.э. ПжКБнын жетектөөчү адиси Эмил уулу Тенир катышты.
(С) Эмил уулу Тенир – ПжКБнын жетектөөчү адиси



