Тарых жана чɵлкɵм таануу институтунун чɵлкɵм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын профессору, тарых илиминин доктору Чороев Т.К. (Чоротегин) 2024-жылдын 17–18-октябрында “Посткоммунисттик Борбор Азия – ой жүгүртүү мейкиндиги” аттуу IV эл аралык илимий конференцияга катышып, «Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) көп этностук курамы» деген темада баяндама жасады.

“Эсимде” аянтчасынын 4-эл аралык жыйынында тарыхый эстутум жана өздүк (иденттүүлүк) маселелери чагылдырылды. Ага Кыргызстан, Казакстан,  Өзбекстан, Орусия, АКШ, Улуу Британия,  Германия, Нидерланддар жана башка өлкөлөрдөн тарыхчы, саясат таануучу окумуштуулар, өнөр таануучу айдыңдар, өнөрпоздор, экологдор ж.б. онлайн жана оффлайн тартибинде катышты.  Бөлүмдөрдүн бири Кыргызстандагы эгемендик үчүн күрөштүн тарыхына арналды.

Жыйын кыргыз жана орус тилдеринде синхрондук котормо менен жабдылып өткөрүлдү.

Шаршенбек кызы А. – чɵлкɵм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын ага окутуучусу 

Добавить комментарий