2024-жылдын 16-октябрында педагогикалык колледждин 15 жылдыгынын алкагында андрагог-тренерлердин жаңы методдорду практикада колдонуу боюнча мастер-класстарынын цикли башталды.

Алгачкы сабакты Республикалык экология, туризм жана аймак таануу боюнча балдар менен өспүрүмдөр борборунун директору Бийик Рыскулов “Коом күткөн мугалим” аттуу темада өтүп берди. 

Андрагог-тренерлердин иш планында: 2024-жылдын октябрь-ноябрь айларында конок лекциялар, семинар-тренингдер, окутуучу курстар, экскурсиялар, мектептерде ѳтүлүүчү лабораториялык сабактар, илимий практикалык конференцияларга катышуу, студенттик стартап долбоорду ишке ашыруу, китеп окуу конкурстарын өткөрүү.

Ага ылайык,  колледждин окутуучуларына жана студенттерине чакырылган коноктор келип семинар-тренинг өтсө, ушул эле айларда атайын сертификаты бар педколледждин окуутучуларынан түзүлгөн тренерлер тобу Бишкек шаарындагы жана региондордогу мектеп, колледж, жогорку окуу жайларга барып семинар-тренингдерди өтүп келишет.

Бул иш чаралар педагогикалык табылгаларды, чыгармачылык изилдөөлөрдү жана инновациялык технологияларды жайылтууга жана кызматташууга багытталган.

(С) Сабырбек кызы Салкын – окутуучу

Добавить комментарий