2024-жылдын 11-октябрь күнү ИИМдин борбордук аппаратында “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүнүн” бет ачары болуп өттү. Иш чарага Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана Терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Аталган сөздүк келечекте ички иштер органдарында колдонулган терминдердин бирдиктүү эрежеге салынышына, түшүнүктөрдүн жана терминдердин ар түрдүү, орунсуз колдонулушуна гана бөгөт койбостон, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жазуу жумуштарында терминдерди бирдей колдонуу максатын да көздөйт.

Жыйында ИИМдин жетекчиси У.Ниязбеков сөз сүйлөп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы, Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына утурлай “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүнүн” бет ачары болуп жаткандыгын кубануу менен белгилеп, аталган сөздүктүн жарыкка чыгышына колдоо көрсөткөн терминологиялык комиссиянын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Султаналиев Ишенбек Шаршекеевичти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин төш белгиси менен сыйлады.

(С) А.У.Акынбекова – кафедра башчысы, ф.и.д. профессору

Добавить комментарий